Бишкекте бүгүндөн баштап көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылаарын “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.
Ал белгилегендей, Кара-Кече кенинен чыккан көмүрдүн баасы 4 миң сомдон сатылат жана бир адамга эки тоннадан гана берилет.
“Бишкектин тургундары “Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан уюштурулган жайлардан таңкы саат 9:00дөн баштап арзан көмүр сатып ала алат. Арзан көмүр саткан жерлерде кызыл түстөгү баннерде жазуу турат”, - деди Зоотбекова.
4 миң сомдук көмүр төмөнкү даректерде сатылат:
1. Мурманский көчөсү, 126,
2. Айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилиши;
3. Айланма жол менен Киргизская көчөсүнүн кесилиши;
4. Достоевский көчөсү, 97.