Түркиянын Стамбул шаарында Түрк медицинасынын VIII дүйнөлүк конгресси өттү. Ага Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова катышты.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, иш-чаранын алкагында “Медицинанын тарыхына жана жалпы мураска таазим” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, ага Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты.

Сыйлык тапшыруу аземинде Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери өз өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо кызматкерлеринин атынан Режеп Тайип Эрдогандын колунан сыйлыктарды алышты. Сыйлыкты Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова да алды.