Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айгүл Айдарова өлкөгө башаламандыкты орнотууга аракеттенүү боюнча кармалгандар, анын ичинде "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова тууралуу пикирин билдирди. Айтымында, сөз эркиндиги, демократия аша чабуу дегенди билдирбейт.
"Кармалгандарга эне катары, аял катары жүрөгүм ооруп турат. Алар тууралуу терс пикир айтуудан алысмын, анткени, "жыгылганды тепкилебейт" дейт. Мен аларга сабырдуулук, кайраттуулук каалайм. Бирок сөз эркиндиги, демократия деп аша чаап кетүү болбойт. Орозайым Нарматова тууралуу айтсам, мен аны менен үгүт иштери учурунда таанышкам, жакшы деле билбейм, бирок бир көргөндө аял катары жакшы таасир калтырган. Фейсбуктагы постторун окучу эмесмин, бир-эки жолу Ютубдан кайрылууларын көрүп калдым. Чынын айтсам, өтө аша чапкан. Кимди сындаба, электеп, кемсинткен сөздөрдү колдонбой, маданияттуу сындаш керек. Президентке да эптүү сөздөр менен кайрылуу зарыл. Жаман сөздөрдү колдонуу менен биз өзүбүздүн эле тарбиясыздыгыбызды көрсөтүп жатабыз. Аял киши айрыкча, мындай нерседен алыс болгону оң болчу. Жакшы сөз менен деле адамдын намысына тийүүгө болот.
Мен "кыргызды кыргыз жок кылат" деген сөзгө кошулам. Чындыгында, бир гана бизде президентти каргап-шилеп, шыолдыңдайт. Алыска барбай, жакынкы өлкөлөрдү Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Азербейжанды алып көрөлү, аларда президентин, лидерип жамандап, каргап-шилеп чыккандар жок. Биз дагы президенттин статусун сыйлаганды үйрөнсөк. Ар бир маселени сыртка чыгарбай, ич ара чечсек, президентти сыйласак эле өнүгүү жолуна түшөбүз.
Кыргыздын түбүнө үч нерсе жетет: көрө албастык, ушак, анан бири бирибизди каргап -шилөө. Ушул нерсе бизди жеп түгөтөт. Ошол нерсени таштап, ар бирибиз өзүбүздү оңдоодон баштасак, мамлекетибиз сөзсүз өнүгөн. Ал турмак дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн катарында болууга мүмкүнчүлүгүбүз бар", - деди Айгүл Айдарова.