Бюджетте учурда боштук жаралууда. Бул Тажикстан менен конфликттин кесепетинен чыгаша көбөйгөндөн улам болду. Мындай пикирин ЖК депутаты Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазды.
Эске салсак, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен барганда жергиликтүү бийликти ишинде алдыга жылуу болбой жатканын айтып сындаган.
"Бюджетте боштук жаралуусуна Тажикстан менен болгон конфликт таасирин берди. Бул бир гана биздин өлкөдө болуп жатат деп ойлобойм. Тажикстанда дагы бюджетинде жоготуу бар. Каражат инфраструктураны калыбына келтирүү жана коргоо иштерине багытталып жатат. Ошондуктан, Министрлер Кабинети жылдын соңуна чейин ашыкча акча корото алышпайт.
Чиновниктер 2023-жылдан тартып жол, мектеп жана башка социалдык маанидеги, экономикалык маанидеги инфраструктураларды оңдоо жана куруу иштери улантылаарын айтышууда", - деп жазды Бекешев.