Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырды.

Долбоор комитетте жабык каралды. Документти комитеттин жыйынына Айыл чарба министрлиги алып келди. 

Комитет 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттин ошол кездеги төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков долбоорго каршы добуш берип, тиешелүү чечимге кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүргөн.