Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгында салыктык түшүүлөрдү жыйноо боюнча планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу аталган мекеменин төрагасы Алтынбек Абдувапов Жогорку кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Ал белгилегендей, 9 айда салык чогултуу планы 111 млрд 518 млн сомду түзсө, көрсөтүлгөн мөөнөттө 111 млрд 755 млн сом чогултулду.

“Жыл аягында күтүлгөн кирешени дагы көбөйтүү пландалууда”, - деди Абдувапов.