- Аскерлер күтпөгөн маяна алып, толкунданып жатышыптыр. Бул нерсе мамлекеттик деңгээлде аскерлерге колдоо көрсөтүлө баштаганын кабар береби?
- Албетте, азыр бардык кыймыл-аракет, баскан- турганыбыз, сүйлөгөн сөзүбүздөн баштап, кара күч жумшап, эмгек кылганыбыз баары акча менен өлчөнүп калбадыбы.
Илгери айылдарда эч бир акысыз эле бири бирибизге жардам берип, кол кабыш кылып жашаганбыз. Азырчы, бир буюмду ордунан жылдырышып коюшканы үчүн да акча сурап калышкан. Тойлордо аш бышырганы, бөкөл болуп эт бөлгөнү, а түгүл чай кайнатканы да акча болуп калыптыр, шумдугуң кургур.
Заманың кандай болсо ошого жараша өзгөрөсүң да, ошол нерсе көңүлүңө жакпай жатса да.
Ага салыштырмалуу армияда кызмат кылышып, күн сайын өз өмүрлөрүн тобокелге салган азаматтарыбызга канчалык жогору айлык төлөнсө да жарашат. Айлыкты көтөрүп, ошол эле кезде алардын мекенге болгон сүйүүсүнө, кылган кызматына да талапты күч алдырыш керек. Себеби, акыркы отуз жылдык убакыт ичинде бардык тармактар сыяктуу эле кыргыз армиясы да өтө төмөнкү деңгээлге түшүп кетти эле. Бул ачуу чындык.