Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Индиянын Гуджарат штатында көпүрө кыйрап, адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Индиянын Гуджарат штатындагы Морби шаарында асма көпүрө кыйрап, андан улам каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Бүткүл кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жабыркаган жарандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, Индиянын батышындагы Морви шаарындагы жүргүнчүлөр өткөн көпүрө кыйраган. Маалыматтарга караганда, кырсыктан 120дай киши каза болду. Мачху дарыясы аркылуу өткөн асма көпүрө 19 кылымдын аягында курулуп, былтыр ремонттон кийин кайра ачылган.