-Темир мырза, аскерлер күтпөгөн маяна алып, толкунданып жатышыптыр. Бул нерсе мамлекеттик деңгээлде аскерлерге колдоо көрсөтүлө баштаганын кабар береби?
- Албетте, аскерлерге материалдык колдоодон башка кандай колдоо керек. Эң башкысы ошо да. Мамлекетте эң маанилүү болгон аскерлерибизге буга чейин эч качан жакшы көңүл бурулган эмес. Мурдагы бийликтер оппозициядан, элден коркуп, жалаң ички иштер органдарына, УКМКга шарт түзүп, сырткы душмандардан коргой турган аскер системасы унутулуп калган. Баткен окуясынан кийин мамлекеттин аскердик абалын эми түшүнүп калышты окшойт.