Перс булуңундагы 6 өлкө жана Иордания Кыргызстандын жарандарын жумушка алууга даяр. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Тактап айтканда, министрлик менен Сауд Арабия, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт жана Иордания өлкөлөрүндө жумуш сунуштаган компаниянын ортосунда келишим түзүлдү.
«Бүгүнкү күндө аталган өлкөлөрдө 815 бош жумуш орун бар. Чакырган тарап визаны, учактын билетин, документ даярдоо ишин өзү каржылайт», - деди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.
Перс булуңундагы өлкөлөрдө жумушка орношуу тууралуу маалыматты Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунан же migrant.kg сайтынан алса болот.