Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралды.

Алсак, аралыкта жумушту аткарган кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу үчүнчү окууда каралды. Тагыраагы, мыйзам долбоору менен киргизилип жаткан ченемдерге ылайык кызматкер жана иш берүүчүнүн ортосундагы эмгек келишими күбөлөндүрүлгөн электрондук кол тамга коюу менен электрондук документ алмашуу түрүндө түзүлүшү мүмкүн.

Андан тышкары, үчүнчү окууда “Жамааттык келишимдер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр да талкууланды. Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Эмгек кодексиндеги карама-каршылыктарды жоюу жана жамааттык сүйлөшүүлөр менен жамааттык келишимдерди түзүүнүн алкагында кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы мамилелерди укуктук жөнгө салууга багытталган.  

Ошондой эле комитет жыйынында “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу 2002-жылдын 17-18-мартында Аксы районунда, 2010-жылдын апрель-июнь жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүү сунушталууда.

“Бүгүнкү күндө бул жаатта жөлөкпул алуучулардын саны 562 адамды түзөт. Аларга 2022-жылдын 1-октябрынан тартып кошумча жана ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн 3700 сомдон 5500 сомго чейин жогорулатуу каралууда”, – деди министр.

Талкуу маалында депутаттар мыйзам долбооруна быйыл сентябрда болуп өткөн чек ара жаңжалдарында жабыркагандарды да кошо кетүүнү жана жөлөк пулдун көлөмүн дагы көтөрүүнү сунушташты.  

Кудайберген Базарбаев экинчи окууга чейин айтылган сунуштарды карап чыгарын белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору жактырылды.