- Аскерлердин айлыгын бир канча эсе жогорулаганы аскерлерге колдоо мамлекеттик деңгээлде көрсөтүлүп жатканынан кабар береби?
- Аскерлердин айлыгын жогорулатылганын чын дилден колдойм. Анткени, өлкөнүн коопсуздугу баарынын бийик турат! Ошон үчүн аскерлерди кубаттуу кылалы деп алардын айлыгын жогорулатып жаткан мамлекеттин бул саясатын колдошубуз керек.
- Айлыктын жогорулашы аскерлерге дем береби?
- Албетте дем берет . Эн биринчи жалпы коом аскерлерге моралдык дем берип турушубуз керек. Ал үчүн мамлекеттик ММКнын деңгээлин жогорулатып, мамлекеттин саясатын кыргыздын идеологиясында жүргүзүп, бекемдеп, улуттук маалымат коопсуздугунун деңгээлин жогорулатышыбыз керек.