Печать
Категория: Коом
Просмотров: 594

Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев аскер кызматкерлеринин айлык акысынын көтөрүлүшү тууралуу пикирин билдирди. 

- Каныбек агай, аскерлердин айлыгы бир канча эсе жогорулаганы аскерлерге колдоо мамлекеттик деңгээлде көрсөтүлүп жатканынан кабар береби?

- Албетте, дүйнөлүк деңгээлде."Өз армияңды жакшы бакпасаң, душмандын армиясын бакканга аргасыз болосуң" деген принцип бар. 30 жылдан бери кыргыз армиясы өлбөстүн күнүн кечирип келди. Аны көңүл буруп, күчөткөн жан болбоду. Аскерге чакырылгандардын күнү курусун деп калчу элек го! Анан калса бай- кедейдин балдары деп бөлүнгөн кездерчи? Анын кесепетин чек ара араздашууларында куп эле сездик. Ошондуктан, аскердин маянасын кескин көтөрүү эң туура кадам болду. Дагы күчөтүү керек. Армияга кызмат кылуу ар бир эркек атуулдун ыйык милдети жана сыймыгы  болсун! Аларга бардык артыкчылыктарды берүү зарыл! Анан албетте, армияны заманбап куралдандыруу эң башкы маселе болуусу абзел!