Кемпир-Абадды бетке кармашып, андан саясат жасашып, аны кайра кайра козгоо аркылуу саясий абалды чыңалтууну, эл ичине бүлүк салууну көздөгөндөрдүн арам ойлору, кутум максаттары ишке ашпай калды. 20дан ашык адамдар камалгандан кийин кимдин ким экендиктери анык болду. Аныгында алардын максаттары бирөө гана болчу. Кемпир-Абадды шылтоо, себеп кылып, төңкөрүш жолу менен эптеп бийликти кулатып, саясий максаттарын ишке ашыруу. Бирок чындап революциялык кырдаал жаралбаса, ага негиз жок болсо, аны жаратабыз деген аракеттердин баары фиаского учурайт тура. Ошондой эле болду. Эл дагы келесоо эмес, кимдин ким экендиктерин билип калышты. Өлкөдө социалдык-экономикалык өсүштөр болуп, реформалык кадамдар ишке ашырылып, өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр болуп жаткан чакта бир ууч бийликке жутунгандарды ээрчиген жок. Кемпир-Абад, чек ара маселелерин шылтоо, элди курал катары пайдалангылары келип атышкандарын түшүнүштү.
Бийликти эңсегендер, көксөгөндөр камалгандан кийин эмне болду? Батыштан каржы алып, ал үчүн мамлекеттин ичинде ызы-чууларды уюштуруп, саясий кырдаалды курчутууну көздөгөндөрдүн эркиндиктери чектелери менен интернет айдыңында жымжырттык орун алды. Буга дейре батыштан алган акчалары менен жалданма, фейк аккаунттарды каржылап, бийликке каршы маалыматтык кампанияны жүргүзүп келишкен болсо, каржылоо токтогон соң жалданма аккаунттар, блогер, активисттердин да жандары жай алышып, тынчып калышты. Акчанын күчү менен жасалма коомдук пикир түзүү, элди бийликке каршы тукуруу аракеттери ара жолдо калды. Акысыз бир пост жазгысы келбегендерге акча төлөнбөсө, алар эмнеге жазышмак эле? Алар үчүн Кемпир-Абаддын тагдыры, чек ара маселелеринин бир тыйынчалык да мааниси жок. Төлөнсө, заказ болсо, ошого жараша жазышып, ошого жараша сындап, каралай беришет. Бул алар үчүн акча табуунун, тирилик кылуунун эле бир жолу.
Кээ бирлер камалгандарга баатырлар, саясий куугунтукка кабылгандар катары баа берип жатышат. Ала кушту атынан атайлы. Алар ички душмандар. Өздөрүнүн жеке максаттары, меркантилдик кызыкчылыктары үчүн элдин, мамлекеттин тагдырын садака чабуудан артка кайтпагандар. Алардын мамлекеттин бүтүндүгүнө, элдин биримдигине, тынчтыкка каршы багытталган иш-аракеттерине мыйзам чегинде баа берилиши зарыл.