Медицина илимдеринин доктору Накен Касиев Кыргызстанга сөз эркиндигинин пайдасы дагы, зыяны дагы арбын болгонун белгиледи. 

"Биз демократиялык өлкө деген атка конгондон баштап сөз эркиндигин колдодук. Ошол убактагы президентибиз да абдан колдогон. Союз тарагандан кийин анын курамында болгон өлкөлөр арасында бизге сөз эркиндиги көбүрөөк болду. Анын азабын, тозогун дагы тарттык, жакшы жагын дагы көрдүк. Азыр ааламда болуп жаткан окуяларды, өзгөрүүлөрдү карасаң, физикалык согуштан дагы маалыматтык согуш катуу жүрүп жаткандай. Евробиримдик бирди айтат, Россия бирди айтат, үчүнчү тарап дагы башканы айтат. Мында кимисине ынанарыңды билбейсиң, соңунда өзүңчө анализ чыгарууга аргасызсың.

Мына ушундай чакта журналисттердин жоопкерчилиги абдан жогору. Бычактын мизиндей болгон жоопкерчилик менен иштеши керек. Каалаганды сүйлөй бергендин кесепети кандай болоорун көрдүк го.

Бүгүнкү оппозициябыз дегендер дагы 30 жылдан бери таанымал адамдар. Көбү кызматка, бийликке бир сыйра келип кетишти. Ошол убакта республикабыз үчүн көзгө көрүнөөлүк бир иш жасашпаганын билебиз. Ошондуктан, ар бир иште жоопкерчилик болушу зарыл", - деди Накен Касиев.