Печать
Категория: Коом
Просмотров: 199

Акын, тарыхчы Байас Турал сөз эркиндиги тууралуу пикирин билдирди. Ал ар бир маалыматтын артында улуттун жана мамлекеттин кызыкчылыгы бардыгын унутпаш керек дейт. 

"Кыргыздан өткөн эркин, өзүнүн оюн ачык билдирген элди мен билбейм. Кыргызда муну бир сөз менен айтып койгон - "Баш кесмек бар, тил кесмек жок". Бул деген баштан дагы адамдын сөзүн, ой-пикирин өйдө баалап жатат. Бул түшүнүк эки катмардагы адамга - элдин атынан сүйлөгөн акынга жана мамлекеттин атынан сүйлөгөн элчиге багытталган. Ар кандай элчи мамлекеттин, бийликтин атынан тиешелүү маалыматтарды берип, башка өлкөлөр менен байланышты бекемдеп, ой пикирин билдирип келген. Ошондуктан, тарыхта элчисин өлтүргөн тарап менен согуш ачкан мисалдар көп.

Экинчиден - сөз эркиндиги. Кыргызда ар кандай иш чараларда кеңешип иш кылышкан. Чоң той болобу, аш болобу, же азыркыдай чек ара маселесиби, же кайсы бир элдин малына ууру тийип, анын айынан кагылышуу болуп кете жаздагандабы  - журттун аксакалдары, журт бийлеген адамдар чогулуп, акыл калчашкан. Мында да өз маданияты болгон - жаш курагына жана даражасына жараша сөз алышкан. Эгер отурган адамдардын баары бирдей даражада болушса, анда кеп кезеги улуулата тийген. Акылдашуу учурунда баарынын пикирин суралган, босогодо отурган жаш жигиттердики да. Эгерде алардын айтканы жүйөөлүү болсо, ошонун сунушун кабыл алышкан.

Үчүнчүдөн жоопкерчилик болушу керек. Ар кандай журналист маалыматты чагылдырып жатканда өзүнүн мамлекет алдындагы жоопкерчилигин унутпай, "артымда элим, мамлекетим бар, ошонун кызыкчылыгын коргошум керек" деген түшүнүктө болушу зарыл. Жөн эле ой келди сүйлөгөн болбойт. Ал мамлекеттин саясатына каршы келип калышы мүмкүн. Албетте, адилеттүүлүк үчүн бийликтин саясатына каршы чыккандар болот, бирок ал да чеги менен. Ичибизде каршы чыкканы менен аны сыртка, дүйнөгө жар салган болбойт. Улуттук кызыкчылык, мамлекеттик кызыкчылык болгондо гана журналисттин жоопкерчилиги ошого карата калыптанып, эркиндиги ошого карата чектелип турушу зарыл", - деди Байал Турал.