2021-жылы Улуттук банк "Кыргызалтындан" 20,5 тонна алтын сатып алган. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Заир Чокоев билдирди.
"Бул алтын Улуттук банктын балансында болгон жана кийин анын 19 тоннасы Швейцарияга сатылган. Баалуу металлды сатуудан түшкөн 1 млрд доллар курсту кармап турууга (760 млн долларга жакын) жана тышкы карызды жабууга (250 млн доллар) жумшалган. Калганы банкта сакталып турат жана КР Улуттук банкына таандык.
Алтындын сакталышын изилдей турган комиссия жакында келет жана биз аларга бул документтерди көрсөтүүгө даярбыз. Алар "Кызматтык колдонуу үчүн" макамына ээ. Барын көрсөтүп, түшүндүрүп беребиз", - деди ал.