Печать
Категория: Коом
Просмотров: 285

Сөз эркиндигин айрым маалымат каражаттары тилекке каршы, оюна келгенди  оттой берүү, каалаганды жаза берүү, маалыматтарды бурмалоо, башкалардын эркиндиктерине, ар-намыстарына шек келтирүү катары түшүнүшөт. Сөз эркиндиги – бул эң ириде жоопкерчилик, мыйзамдуулук. Аны журналисттер журтчулугу, ЖМК өкүлдөрү жакшы билишет.

Бирок сырттан каржыланган, саясий, кутум максаттарды көздөгөн кээ бир ЖМКлар андан да саясат жасашып, укук коргоо органдарынын жоопкерчиликке чакырууга, мыйзамдарга каршы иш кылбоого, улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы келбөөгө  болгон чакырыктарын, аны сөз эркиндигине кысым жасоо, куугунтукка алуу катары сыпатташып, өздөрүнүн кабыл алууларын башкаларга таңуулашып, айгай салганды адатка айландырып алышты. Бул орой айтканда, айрым эркин маалымат каражаттарынын «бизден колуңду тарт, мыйзамыңды уруп ойнобойбуз, каалаганыбызды жазабыз» дегендей эле ультиматумдук талаптардан эч айырмасы жок. 

Бирок Кыргызстан жунгли токою эмес! Цивилдүү, мыйзамдуу мамлекет. Мыйзамга каршы иштер кылынса, элдин, өлкөнүн ички, сырткы коопсуздугуна, элдин тынчтыгына шек келтирген иш-аракеттерге  жоопкерчилик  мыйзам чегинде каралат. Ошон үчүн мыйзамдуу бийлик, укук коргоо органдары бар. Чектен чыккандарды, мыйзамга каршы иш жүргүзгөндөргө каршы тиешелүү чаралар көрүлбөсө, каалагандар ойлоруна келгенди айтып, кыйкырып, жаза беришсе, анда өлкөнүн эртеңи кандай болот? Чындап келгенде сөз эркиндигине бийлик, укук коргоо органдары эмес, сөз эркиндигин  саясий ж.б. кызыкчылык, максаттар үчүн ашкере пайдаланган ЖМКлар, журналисттер шек келтирип жатышат. Сөз эркиндигине жамынып алып, провакациялык, бузукулук иштерди кылышууда. Андай аракеттерге  мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, жоопкерчиликтери каралышы абзел.

Автандил Белеков