Москвада "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова кармалды. Бул тууралуу соцтармактарда жазылды.
Азырынча Нарматованын кармалышы боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары комментарий бере элек.
Буга чейин бир катар саясатчылар жана активисттер кармалып, аларга массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү айыбы тагылган.