Бүгүн, 27-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Депутат Бакыт Тентишев Суусамыр өрөөнүнө насыя катары таратылган үрөөн сапатсыз болуп, дыйкандар түшүм албай калганын билдирди. “Буга ким жооп берет?” – деген депутат маселени иликтеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Ал эми депутат Мейкинбек Абдалиев Баткендеги чек ара жаңжалында жаракат алган Максат уулу Белек тууралуу сөз кылып: “Ал азыр борбор калаадагы ооруканада дарыланууда. Баатырыбыздын ден-соолугу жана келечеги жакындарын эле эмес, баарыбызды кабатырлантууда. Андыктан ага мамлекет тарабынан көңүл буруп, Бишкек шаарынан батир берүүнү сунуштайм”, – деди.