КР Эл аристи Бек Борбиев жекшембидеги камоолор боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады:
- Кечээги камоолор боюнча "туура эмес" деген таризде пост жазайын дедим эле. Бирок бүгүн аудио сүйлөшүүлөрдү угуп…
Деги качан бийликке, байлыкка тоёсуңар?! Мамлекетти талкалап, кайра жарата берүү силерге көнүмүш болуп калганбы? Ансыз деле революциялардын айынан коңшуларга салыштырмалуу дээрлик артта калдык.
Дагы төңкөрүш болду дейли, 2-3 жылдан кийин дагы төңкөрүш деп чыгасыңар. Төңкөрүш силерге бизнесби? Ооба, эл билет, кээ бириңерге чоң бизнеске айланган.
Азыркы бийликти сүттөн ак дебейм, анча - мынча катачылыгы менен. Бирок төңкөрүп салгыдай күнөө кыла элек. Кыргызга, Кыргызстанга ак кызматын кылып, дагы кылсам деген эле ниетин көрүп - билип жатабыз. Чек араны себеп кылып, элди дүрбөлөңгө салып келесиңер. Коңшулар менен чек аралар чечилгени эмне, жаманбы? Жакшы, карапайым элге жакшы. Коңшулар бизден алса, биз дагы көп эсе алардан алып жатабыз. Же коңшулар бизге жөн эле жерин берип коёбу? Эки өлкөнүн ортосунда чек аралар ошентип чечилет. Же силердин оюңарча эмне, согушалыбы? Тынчтык жолу мененби, согуш мененби - кээ бириңерди ал маселе кызыктырбайт. Түрмөдө отурган жакыныңар чыкса, бийликти алсаңар, кызматтарды кучактап отурсаңар болду. Билебиз - азыркы бийликтин душмандары өтө бай, миллионер, керек болсо миллиардерлери бар. Акча албетте, көп нерсени чечет, антсе да элдин көзү ачылган кез. 5 - 10 миң адам аз, өлкөбүздө 7 миллион калк бар, баарына акчаңар жетээр бекен?
Айтор бул жолу төңкөрүш дегениңерди колдобойм. Кыйын болсоңор президенттик шайлоого катышып, мыйзамдуу жеңип алгыла. Орто кылымдын эмес, 21- кылымдын мыйзамы иштесин!