SuperTV телеканалынын кабарчысынын сабалышы боюнча Бишкектин Ленин райондук милициясына арыз жазылып жатканын аталган маалымат каражаты 27-октябрда кабарлады.

Телеканалдын редакциясы кабарчы Бактурсун Жоробековдун сабалышы анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептөөдө.

Маалыматта айтылгандай, окуя 26-октябрда саат 23:30 чамасында Бишкектин Ленин районунда болгон. Жоробековго төрт киши кол салган. Анын айтымында, белгисиз бирөөлөр телефон чалып издешкен жана коркутуп-үркүтүп жүрүшкөн.

Укук тартибин коргоо органдары бул тууралуу азырынча комментарий берише элек.

 Журналисттерге кол салган учурлар Кыргызстанда буга чейин да катталган. Буга байланыштуу эл аралык укук коргоо органдары тынчсыздануусун билдиришкен.