Түрк инвесторлору президент Садыр Жапаровго жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошту. 

"Биз, Түркия Республикасынын бизнесмендери Сиздердин Кыргызстан менен Түркиянын бир туугандык, достук кызматташтыгын бекемдөөдө жасап жаткан тарыхый мыкты иш аракеттериңиздерге ыраазы болуп, биздин Кыргызстанда кабылган мыйзамсыздык абалыбызга көңүлүңүздөрдү бургубуз келет.

2017-жылы Кыргызстандын ички иштер министринин ошол учурдагы орун басары Курсан Асанов кепилдик кылып, анын жубайы Кульнара  Усенканова алтын кенин иштетип, алтын материалдарын чыгаруучу ишкана ачууга макулдашкандыктан биз 15 миллион доллар акча чогултуп бергенбиз. Жубайлар ал каражаттарды башка максаттарга жумшашып, бизди алдашты. Андан бери арадан бир канча жыл өтсө да бизге убадаланган продукцияларды бербей, же каражаттарыбызды кайтарбай келатышат. Кыргызстандагы түрк инвесторлоруна бул терс окуя биздин өлкөнун бизнесмендер коомчулугуна кеңири белгилүү. Асановго окшогон айрым атка минерлердин шылуундугу Кыргызстандын эл аралык имиджине зор залакасын тийгизип жатат.

Асановдордун үй-бүлөсүнүн алдамчылык иш аракеттери боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кылмыш иштери козголгон.

Сиздерге мыйзамга ылайык адилеттикти орнотуп, биздин каражаттарыбызды кайтарууга, Кыргызстан менен Түркиянын өз ара бизнес катнаш мамилесин жөнгө салууга көмөктөшөт деген бекем ишеним менен кайрылабыз!

Түрк инвесторлору Исмаил Турк, Хакан Темел, Мехмет Коч, Осман Йязыжы, Мустафа Башкурт", - деп жазылган кайрылууда.