Жеке маршрутка айдоочулар көбүнчө пайдалуу каттамдарга чыгышат. Кайсы жерде эл көп болсо, ошол жакка. Мындан улам окшош каттамдагы маршруткалар көбөйдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутат Казыбек Эргешов айтты. 

Ал маршруткалар бир жерде - Ош базары менен Аламүдүн базарына топтолуп калаарын белгиледи. 

"Ошондуктан алардын каттамын карап чыгыш керек. Шаарда маршрутка барбаган аймактар бар, ал жакка жарандар жөө катташат. Негизинен андай жерлер поликлиника, бала бакча, мечиттер жайгашкан жерлер", - деди ал Бишкек мэрияга кайрылып.