Печать
Категория: Коом
Просмотров: 204

Бир катар мугалимдердин айлык акысы азайып кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди. 

Айтымында, Министрлер Кабинети мектептердеги сааттарды бөлүштүрүү саясатына көңүл бурушу керек. Анткени, мугалимдердин айлык акысы 80 пайызга көтөрүлгөн. Ошондо, 18 миң сом алып жаткан мугалимдер 35 миң алып башташкан. Бирок акыркы учурда айрым мугалимдердин ставкасын ылдыйлатып, сааттарын азайтып койгондуктан, айлыгы да кыскарды. 

"Класс жетекчилери бир гана класс менен иштешиши керек экен. Аларга КТУ төлөнбөйт, дептер текшергени үчүн дагы баарына эле төлөнө бербей калыптыр. Жыйынтыгында, мугалимдер айына 22-23 миң сомдун тегерегинде алып жатышат. Бардык ставкаларды кайрадан карап чыгуу керек. Анан дагы учурда жаш кадрлар чектөөлөр болгондуктан жумушка орношо албай жатышат", - деди депутат. 

Ал белгилегендей, мектеп директорлорун тандоо сынагы коррупцияга айланды. Мисалы, Ноокат районундагы Чечме-Сай айылынын мектебине директор болуп сынактан өтпөгөн адам дайындалды.  

"Жакшы нерсени ушундай нерселер менен бузуп алабыз", - деди Маматалиев.