Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарын ал жактан көчүп кетпөөсүнө көмөктөшүү керектигин айтты.
Ал белгилегендей, учурда Баткенден Бишкекке жана Чүй облусуна ички миграциянын агымы күчөп жатат.
"Көбү Чүй облусуна көчүп келишүүдө. Аларга жардам бериш керек, ошондой эле чек арадагы айылдар боюнча да иштөө зарыл. Министрлер Кабинети калкты ошол жакта калтыруу аракетин көрүшү кажет. Исхак Разаков чек араны зым эмес, эл сактай турганын айткан", - деди Токтошев.
Ошондой эле, ал Баткен облусуна бөлүнгөн 500 миллион сом боюнча Министрлер Кабинети отчет бериши керектигин, жергиликтүү эл каражатты көрүшпөгөнүн айтып жатканын билдирди.