Жакында өлкөгө башаламандык уюштурууга ниеттенген топ кармалды. Алар саясатчылар эмес, бийликти көздөгөн топ. Мындай пикирин депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ага дейре айрым депутаттар массалык камоолор боюнча сын айтып, "белгилүү саясатчылар жана белгилүү блогерлер" кармалганын белгилешкен.
"Мен аларды белгилүү саясатчы, белгилүү блогер экендиктерине кошула албайм. Алар "дежурный саясатчылар". Бийликти гана көздөгөндөр. Кызмат берилсе бийликти макташат, кызматтан кетишсе жамандашат. Кыргызстандын белгилүү саясатчылары деп Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Накен Касиев, Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевди айта алам", - деди депутат.
Токторбаей мурдагы президент Атамбаевдин кайрылуусундагы "камалган жаштар менен аялдарды бошотуу керек" деген пикирине кошулбай турганын да кошумчалады.