Бишкек шаарындагы райондордо 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоодо аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон жоокерлерди эскерүү иш чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымат таратты.
Анда айтылгандай, иш чарага курман болгондордун үй-бүлөлөрү, ошондой эле Баткен окуясынын катышуучулары чакырылды.
Район башчылары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына көңүл айтып, ошондой эле ошол окуяларга катышкан жана азыркыга чейин Ата Мекенге кызмат кылып жаткан аскерлерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.
Социалдык өнүктүрүү департаментинде Баткен окуясынын 388 катышуучусу каттоодо турат, аларга 2 миң сомдон бир жолку материалдык жардам төлөнөт. Курман болгон жоокерлердин 10 үй-бүлөсү 10 миң сомдон, майыптык алган 2 катышуучу 5 миң сомдон алышат.