Ырчы Анжелика Кайратова жарандык активист Алга Кылычовду сотко берди. Ал соттон жарандык активисттен өзүнүн пайдасына 10 миллион сом өндүрүп берүүнү суранган.
Бул тууралуу Алга Кылычов соцтармактагы баракчасына жазды.
"Ачыгын айтайын, бул соттун болушун күтөм!
Себеби коомчулукта "Калпелешка" аты бар бул эч кимге деле жакшы таанылбаган Анжелика аттуу адамдын кылмыш дүйнөсүндөгү адамдар менен байланышы бар экенин, тагыраагы "Дөө Чыңгыз" аттуу адамга кимдерди буйрутма бергенин далилдейм.
Коомчүлуктун көңүлүн башка жакка бургусу келген кимдердин заказын аткарып жатат белгилүү! Мени мындай жол менен эч ким сындыра албайт жана сынбайм дагы. Буйруса, адилеттик жеңет деп терең ишенем", - деп жазды жарандык активист.
Эске салсак, Анжелика Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн ден соолугунан жабыркаган балдардын ден соолукту чыңдоо борборуна берүү сунушу менен өлкө жетекчилигине кайрылган. Буга байланыштуу Алга Кылычов Анжелика тууралуу видео кайрылуу жасап, анда ырчынын өтмүшүн эске салган. Айтымында, "Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү ырчы менен байланышта болгон жана анын өлүмүнө Анжеликанын да тиешеси бар.