Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар камакка алынган саясатчылардын жана активисттердин иши боюнча маалымат берүү үчүн ИИМ жетекчилигин чакырууну сунушташты. Кээ бир депутаттар маселе 25-октябрда тармактык комитетте каралганы жетиштүү болорун айтып чыгышты. Натыйжада жапырт камоолор боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматы бүгүн, 26-октябрда угууну чечишти.
Башаламандыкка шек саналып жапырт кармоо боюнча 25-октябрда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын маалыматын уккан. Анда ИИМ кармалгандардын баары айыбы болгону үчүн камалышканын, тергөө жүрүп жатканын айткан.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган.