- Камакка алынган саясатчылар жана активисттер тууралуу коомчулукта ар түрдүү пикир айтылып жатат. Сиз кайсынысына кошуласыз? Элге бүлүк салууга камынгандарды алдын ала аныктап, камакка алышканы туура болдубу?

- Чындыгында ушундай нерселерден чарчадым. Бул көрүнүш, мындай ызы-чуулар качан токтоп, качан аягына чыгып, качан жайылып кенен өз оокатыбызды кылабыз билбей калдым. Биз качан гана өз ишибизди кылып, келген бийликке ишенгенибизде өнүгүү жолуна түшөбүз.

Камалгандардын арасында чыныгы эл бузарлар бар. Ал эми ошол күнкү ызы-чууга кокустан аралашып калгандары да болсо керек. Алар  сурак берип чыгар деп туралы.

Алардын төңкөрүш жасоо аракеттери иликтенип, аныкталгандан кийин кармалышты болуш керек. Укук коргоо кызматтары кармагандан кийин демек, ошого ылайык ниеттери болгон.