Печать
Категория: Коом
Просмотров: 132

Адахан Мадумаров өзүн пиарлоо максатында өтө көп сүйлөйт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Фархат Исмаилов билдирди. 

Жогорку Кеңеште айрым депутаттар бүгүнкү жыйында кармалган саясатчылар жана активисттерге байланышкан маселени талкуулоо менен баштоону сунушташты. Алардын бири - Мадумаров. Бирок депутаттардын калган бөлүгү укук коргоо кызматтары активисттерге байланышкан иштерди соңуна чыгаргандан кийин гана алардан бул тууралуу маалымат алуу туура болоорун белгилешти. 

"Адахан Кимсанбаевич абдан көп сүйлөйт, анын баары өзүн пиарлоо үчүн. Ушундайыңызды токтотуңуз! Мындай кылбоо керек. Азыр өлкөдө өтө оор абал жаралып турат, анын үстүнө мамлекеттик сыр деген түшүнүк бар. Ошондуктан, сабырдуу болуп күтүңүз. Дин жөнүндө сүйлөп, аны жакшы билем дейсиз. Бирок тилекке каршы, билбейт экенсиз. Мамлекет башчыга каршы сүйлөө -  күнгө таш ыргытуудай эле, ал таш өзүңүзгө тийиши мүмкүн. 30 жылда эч ким мындай жакшы иштеген эмес. Канча деген аскер техникалары сатып алынды. Сиз 30 жылда бир кирпич дагы алган эмессиз мамлекетке. Күч түзүмдөрү өздөрү билишет, бүлүк салбаңыз", - деди Исмаилов Мадумаровго. 

Депутат Жеңишбек Токторбаев парламенттешинин билдирүүсүн кубаттап, Мадумаровду арзан пиар менен алектенерин белгиледи. Ал укук коргоо кызматтары өз ишин аяктагандан кийин анан гана парламент чакырса болоорун айтты. 

"Биз деле санааркап жатабыз, пиарды коюп, иштейли", - деди Токторбаев.