Ысык-Ата районунун жана Кант шаарынын тургундары өздөрүн оппозиция атаган саясатчыларга кайрылышты. Алар өлкө башынан бир нече ирет революция өткөргөнүн белгилеп, карапайым элге тынчтык керектигин билдиришти.
"Биз Садыр Нургожоевичтин саясатын колдойбуз! Бизге тынчтык керек. Буга чейинки болгон митингдер бир дагы жакшылык алып келген жок, бул жолу ниеттенип жаткан ишиңер дагы жакшылык алып келээрине ишеним жок. Ошондуктан, элди жайына койгула", - дешти кайрылгандар.