Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу маселеге өз пикирин билдирди. Ал суу сактагычтын тарыхын айтып берди. 

"1994-жылы кош палаталуу Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышына шайлоо жүрүп жаткан маалда Кара-Суу районуна Өзгөндүн үч айыл өкмөтү дагы кошулган болчу, шайлоочулар менен жолугуп калдым. Өзгөндүн Кызыл-Октябрь, Куршаб айылындагы шайлоочулар Кемпир-Абад темасын көтөрүп калышты, "Ата-бабаларыбыздын жери суу алдында калды, Өзбекстан жок дегенде компенсация төлөй тургандай кылып бул маселени чечип бериңиз", - дешип. Алар жерди Турдакун Усубалиев коңшу мамлекетке берип койгон деген түшүнүктө экен. Ошондон кийин Кемпир-Абаддын тарыхына көңүл буруп, изилдесем, 1960-жылдары Өзбекстандын жетекчилиги Кыргызстандын жетекчилигине кайрылышкан экен. Ал убакта Кыргыз ССРинин башында, КП биринчи катчысы болуп Усубалиев турган. Москванын ортомчулугу менен кыргыз жетекчилиги макулдугун берип, Өзбекстан суу сактагычын курат. Өзбекстан өзүнө бир катар милдеттенмелерди алып, "жер берсеңер силердин пахта талааңар дагы суугарылат, мындан тышкары гидро обьектилерди курабыз, дагы бир канал суруп, ал Кадамжай районуна суу жеткире турган болот" деген сыяктуу убадаларды берген. Кемпир-Абаддан эки канал чыгат: Савай жана Шахрихансай. Дагы бир канал курула турган болсо, Кадамжай районундагы таштак жерлер айдоо аянттарына айланмак. Жүз миңге чейин адамды көчүрүп, чоң айылга айлантуу дагы пландары айтылган. Ошону менен Кемпир-Абадга уруксат берилип, андан бери Өзбекстанга карайт. Ал жерди курулгандан тартып Кыргызстан бир күн эмес, бир саат дагы башкарган эмес", - деди Турсунбай Бакир уулу. 

Айтымында, бүгүнкү күнү айрымдардын "бийлик Кемпир-Абадды Өзбекстанга берип салды" деген кептери суу кечпейт. Анткени, суу сактагычтын алдындагы жердин өткөрүлүшү Турдакун Усубалиевдин КП биринчи катчысы болуп турган маалына туура келет. 

"Бул маселени булар азыр көтөрүп жатса, мен 1994-жылы көтөргөнмүн. Депутат болуп шайланып келип биринчи жыйынга катышууга баратсам, коридордо Усубалиев мени күтүп туруптур. Ошол жерден мага айтып берди, мен ал тууралуу шайлоочулардын маалыматына таянып, Кемпир-Абадды Өзбекстанга берип жибергени тууралуу үч жолу макала жарыялаган элем. Ошону эске салып, "Ал убакта Өзбекстандын КП биринчи катчысы Шараф Рашидов болчу. Мен Кыргызстандын жөнөкөй гана жетекчиси элем. Компартиянын саясий бюросунда жок болчумун, а Рашидов бар болчу", - деп калды. Тарыхты билбегендерге түшүндүрүп коеюн, ал учурда СССРди Компартия, анын саясий бюросу башкарчу. Саясий бюрого мыктылар чогулушчу, Усубалиев анда жок, а Рашидов мүчөсү болгон экен. "Менден сурашканда жок дей албадым, Москва чечкен, мен макулдугумду бердим", - деди Усубалиев. "Өлтүрүп салса да бербейм дебейт белеңиз", - деп анан "Элге барыңыз, мен жолугушуу уюштуруп берейин, өзүңүз айтып түшүндүрүңүз", - десем көнбөдү. "Элдин маанайы мага карата жаман болуп турат, ар кандай сөздөр айтылат. Сен эле менден салам дубай жеткирип, чындыкты айтып кой", - деп. 

Азыр өзүнөн башканы адам ордуна санабаган бир депутат "Усубалиевдин китебин окугула, ошондо жазылып турат", - деп жатпайбы. Ал китепте чындык жок, Усубалиев өзүн актаган саптар гана бар. Китепти документ катары кабыл алууга болбойт", - деп белгиледи экс-депутат.

Ошондой эле, ал учурда суу сактагычты шылтоо кылып митинг уюштуруп, коомго бүлүк салууга аракеттенгендерге кайрылды: 

"Суу турат, суунун алдындагы жерди бербейбиз дешет. Бул маселени убагында, СССР кезинде чечип алыш керек болчу. Эми эки өлкө өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгондон кийин коңшу мамлекет бербейт. Суу өтсө суунун алдындагы жер дагы өтөт да. Же эмне суунун алдына эгин эгебизби? Азыркы келишим боюнча, суунун деңгээли түшүрүлүп, бошогон жерлер Кыргызстанга өткөнү жатат. Ошондой эле, башка райондордон жер берилет. Мында өзүмчүл болбошу керек. Өзгөнбү, Аксы, Ала-Букабы - кыргыздын жери. Бардык жакта мекендештерибиз жашайт. Башкалар үчүн да сүйүнгөндү билүү керек. Үңкүр - Тоо талаш болуп жүргөн, эми бизге өтүп жатат. Кемпир-Абаддын жанына келип митинг кылгандар, анын ары жагында Өзбекстандын аскерлери кайтарган жер бар. Ушунчалык кыйын болсоңор ошол жерге барып митинг кылбайсыңарбы "Кемпир-Абадды кайтаргыла!" - деп. Анте албайсыңар. Суу сактагычтын алдындагы жердин берилип кетишине Кыргыз ССРинин жетекчилиги күнөөлүү, азыркы бийлик ошол каталарды оңдоп жатат. Эгерде бербейбиз деп тура берсек, Өзбекстан менен маселебиз чечилбейт. Бул канча жылдан бери талаш болуп келген болсо, дагы ошончо жыл талаш бойдон турат", - дейт Бакир уулу. 

Андан сырткары, экс-депутат өлкөнүн жетекчилери акылдуу болсо, бир фронт менен согушаарын белгиледи. Кыргызстандын тажик тараптагы чек арасында кооптуу абал жаралып, коңшу мамлекет каалаган учурунда кол салып жаткан маалда, экинчи коңшу менен маселени тезирээк тактап алуу шарт деп эсептейт.