Печать
Категория: Коом
Просмотров: 225

- “Ким катуу кыйкырса, ошол кыйын экен” деген ой бар негизи кыргызда. Ким акылдуу сүйлөсө, ошонун артында турмай бар кыргызда. Менин көңүлүм куру кыйкыргандардан калган. Эң катуу кыйкыргандардын артында туруп, сүрөп атсаң эле эртеси элин бир тыйынга сатып кеткендер болду.

Жаштарга үмүт артып атсам, ар кимиси ар кайсы жакка чачырады. Кресло үчүн эмнени гана кылган жок айрымдары. Энесин кошо сатып ийейин деди го! Бүгүнкү кыйкыргандар да өлүп кетейин эртең бийликке келсе, куурайды да богуна сая албайт. Ишенип койгула!

Эгоңорду тыйып, ишиңер менен жылганда гана өсөбүз. Мен ошого көзүм жетти. Мен бийликти сындап жүрдүм. Келбей калган жаштарга ичим күйүп жүрдү. Далай ызаландым. Ыйладым. Сөктүм авамды баш кылып. Алар кеткенде ким болот анан ордуна деген суроома жообум жок менин! Мен ишенгендер ыштанына чычып алган эчак. Мен ишенгендер али быша электер.

Болбой долуланып кыйкырып, ачуу сүрөөн салып, патриот деле боло берем, силерге жакшы көрүнүмүш болуп, упай топтоп, бирок эртең кокус, төңкөрүш болуп кетсе, элдин каны төгүлсө, ага жоопкерчилик ала билиш керек. А мен элдин каны аккан жоопкерчиликке баргым келбейт. Дагы бир революцияны чыдабайт өлкө! Эч ким бизге ишенип, иштешпейт эртең. Жөө жалаң калабыз. Арканды алыс таштап, акыл калчабайлыбы! Өзгөрүүнү өзгөдөн күтпөй, өзүбүздөн баштабайлыбы! Мен ызы-чуудан, куру кыйкырыктан тажадым. Кокомо жетти! Өзүмдү өзгөртүүгө кеттим.