Печать
Категория: Коом
Просмотров: 232

"Кутумчулардын" камалышы чындыгында, көшөгө артындагы режиссерлордун каалаганын орундатты, алар ушундай болушун күткөн. Алардын мындан аркы кадамы: "абийир туткундарын" колдоп, нааразычылыгы күчөп жаткан адамдарды көтөрүү, камалгандардын артында түштүктүн дагы, түндүктүн дагы кланы турат. Мындай пикирин саясат талдоочу Марс Сариев "vb.kg" сайтына билдирген. 

Ал кезектеги дестабилизациянын режиссерлору Кытай менен Россияга тоскоолдук кылуу үчүн биздин аймакка чыңалууну жаратууну көздөшөт. 

"Оппозициялык саясатчылар жана коомдук ишмерлер  нааразычылык билдирген толкунду жаратууга көбүрөөк кызыкдар, аларга чындык керек эмес. Бийликтин сыртында калган айрым саясатчылар жана укук коргоочулар дайыма өлкө жетекчилигине чабуул жасай турган убакты күтүшөт. Бири сырттан келген гранттарга, экинчиси саясий капиталга таянат. Талаш-тартыштуу темаларды көп оппозиционерлер рейтингин көтөрүү жана бийликке саясий тепкич иретинде колдонушат. Бирок азыркы кырдаалды караганда, камалгандар төңкөрүш жасап жиберишине ишенбейм. Алардын буга потенциалы жок. Аларды сырткы жашыруун глобалдуу күчтөр пайдаланышы мүмкүн. Бул өлкөдөгү кырдаалды курчутууну эбактан бери каалап келген олуттуу саясий борборлор. Суу сактагычка байланышкан факторду колдонуу менен Кыргызстанда кезектеги бийлик алмашууну ишке ашыргысы келген", - деди Марс Сариев.