- Исмаил агай, Кемпир-Абад боюнча түрдүү кептер айтылып жатат. Бирок сиз курултайга катышып, калыс кебиңизди айтыңыз. Талаштуу маселени референдум менен чечсек болобу?
- Курултайда айтып кеткенимдей, коомдук ишмер Б.Талгарбеков жана оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" маселени референдум жолу менен сунуш кылышты. Албетте, сунуш абдан туура. Ким жерин берүүгө макул болот? Эч ким макул болбойт, анда элдин каалоосун кандай бийлик болбосун аткарыш керек. Ал үчүн, бийлик биринчи дипломатиялык жол менен сүйлөшүп, биздин аймакка салынган плотинаны, ГЭСтерди жана жабдыктарды өткөрүп алуу менен сууну башкарууну толук өзүбүзгө алышыбыз зарыл. Ушундай болушу мүмкүнбү? Жыйынтыгы кандай болот? Суунун көлөмүн сугатка даярдоодо, кийин аны бөлүштүрүүдө алар катышпай кое алабы? Анда экинчи жол калат - күч… Ал жол эч кимге кереги жок жол, демек, референдум жолу маселени чечмек турсун кайрадан маселени ырбатып коеруна жол ачары шексиз…
Экинчи жол. Курултайдын катышуучулары айткандай, маселени ушул бойдон калтырып, маселени келечектеги муундар чечишсин десек дагы туура болот. Анын аягы эмне менен бүтөт? Анда, бир жагынан биз – бүгүнкү муундар, жоопкерчиликти моюнга албай, ар кандай сөздүн, пикирлердин балээсинде калбай, тынч уктап, маселени балдарыбызга жана небере-чөбүрөбүзгө таштап, жоопкерчиликти алардын моюндарына жүктөп салабыз. Анда, чек ара маселесинин делимитация иштери алга жылабы же ушул бойдон токтоп калабы? Эми чыңалып жаткан жылуу мамилеге доо кетпейби? Демек, бул жолдун аягы дагы бүдөмүк.
Үчүнчү жол. К.Ташиев айтып, жабык эшик артында сунуш кылган жолду кабыл алсак, кандай болот? Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшум керек, былтыркы айткан сын-пикиримден тыянак чыгырып, кемчилдиктерин жоюуга аракет жасагандары көрүнүп турат. Мисалы, Өзүбүздүн Орто -Токой суу сактагычы менен Унгар - Тоону өзүбүзгө калтырышыптыр, Гавасай, Көк-Серек, Баястан, Ак-Таш, Кара-Белес, Сузак менен Өзгөнгө кошумча бирдей жерлерди ажыратып алуусуна жетишиптир. Совет бийлигинен калган, И.Каримов учурундагы 908 горизонттон 900гө түшүрүшүптүр. Келишимдин негизинде эки тараптын катышуу ниети менен биргелешкен ишкана түзүлүп анын курамы бипбирдей же 50/50 болоруна жетишишиптир. Албетте, К.Ташиев мырзанын бүгүнкү геосаясий жана кооптуу абалды түшүнүү менен жасаган мындай алгылыктуу иштери, мурдагы кол койгон Ташкент протоколуна салыштырмалуу жетишкендик жана ийгилик катары баалап кетээр элем. Бул акыркы келишимдин оң жагы.
“Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча айтылган сөздөрдүн оң жана терс жагдайларын эске алып, Жогорку Кеңеште айткан сөзүмө туруп, өзүмдүн жарандык позициямды билдирүү үчүн, депутаттарга, урматтуу депутат Мирлан Самыйкожонун суроосуна жооп берүү менен жогоруда айтылган жолдордон айырмаланган, альтернативдүү төртүнчү жолду сунуш кылам.
Альтернативдүү 4-жол. Сүйлөшүү процесстерин ушундай жылуу жана достук нукта улантып, Кемпир-Абаддан, Орто-Токойдон, Керкидондон бизге келтирилген зыяндардын жана колдон чыккан кирешелердин ордуна (бир эле “Кемпир-Абаддан” эгемендүүлүк алгандан кийин эле, жупуну эсеп менен биз 1,5 млрд АКШ доллардан кем эмес зыянга учурап, бизге түшө турган кирешелерди колдон чыгардык) керек болсо, алар тараптан мурда компенсацияланган жана азыркы учурда “берилип” жаткан жерлер менен өз ара эсептешип, алар тараптан салынбаган Бүргөндү каналына жылына 227 млн куб суу алынуучу үлүшүбүзгө компенсация төлөттүрүүдөн баш тартып, суу алдындагы жана алардын ГЭСтери салынган бизге тиешелүү жерлерди аларга, (биринчи вариант) 49 жылга азыркыдай бекер колдонууга убактылуу берүү (кийин узартуу мөөнөтүнүн шартын белгилеп).
Эгерде, ушундай кадамга ал тарап макул болбосо анда, (2 вариант) суу алдындагы бизге тиешелүү жана ГЭСтери салынган жерди, аларга 49 жылга ижарага эл аралык баа менен берүү. Алар тараптан салынбаган Бүргөндү каналынан биз ала турган жылына 227 млн куб суунун ордун толтуруу үчүн ар жылдык төлөмдү алууну. Биздин жерде салынып, биздин сууну колдонуу менен иштеп жаткан ГЭСтерден иштелип чыккан электроэнергияны сатуусунан түшкөн каражаттын 40-50 пайызына биздин үлүш катары талап кылууну. Ошону менен бирге, бардык суу сактагычтарыбыздын кесепеттеринен, эгемендүүлүк алгандан тарта, бизге келтирилген зыян менен колдон чыккан кирешени төлөө маселесин талап кылып, керек болсо алар тараптан азыркы берилип жаткан жерлерден баш тартуу. Андан башка, бизге “берилип” жаткан жерлердин экинчи тарапка таандык экендигин укуктук талааада өзүнчө кароо.
Мындан сырткары, биз аларга Сох менен Шахимардан анклавына өтүүгө жеңилдетилген шарт түзгөндөй, алар дагы “зеркально” Канабад, Маданият жана Кербенге кирүүчү жолдордон жеңилдетилип өткөрүү механизимдерин келишимге киргизүү. Ошону менен бирге сууну пайдалануу боюнча 50/50 болуп ишкана түзүүнү колдоого алуу.
Эгерде ушундай жолдор менен биздин бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү процесстерин жүргүзсө анда, бийлик өкүлдөрү элдин колдоосуна жана ишенимине ээ болуп, азыркы жана алдыда келе турган кыйынчылыктардын жана коркунучтардын кесепеттерин биргелешип жоюу үчүн бир муштумдай биригүүгө мүмкүнчүлүк пайда болоору шексиз. “Жаман айтпай, жакшы жок” дегендей, менимче ушундай жол, базар системасына төп келип, эки тарапты ынандырып, бүгүнкү күндүн талабына жооп берүү менен тараптардын достугун чыңоого багытталат деген үмүт зор. Ошону менен бирге, ушул жолду, кадырман кыргыз калкынын менталитетин жакшы билген, тажырыйбалуу, кыраакы жана даанышман өзбек президенти, урматтуу Шавкат Мирзиёев мырза түшүнүү менен кабыл алуусуна терең ишенем.