“Акаев Үзөнгү-Куушту Кытайларга саткан”, “Бакиев Каркыраны Казактарга саткан” деген кептер эл арасына кеңири тарап, кашкайган чындык сымал сиңген жайы бар. Акаевди да, Бакиевди да актагым да, жактагым да келбейт, бир мисалды ортого көлдөлөң тарткым келет... Мындан 6-7 жыл мурда Астанадан Алматыга поездге отуруп, жол бою жанымдагы жөнөкөй сапарлашым менен кең-кесири маектешкем. Ошондо жол улашым жашы 57-58де болчу, Казакстандын чек ара кызматынын төрага орун басары болуп иштеп, пенсияга чыккан экен.

“Назарбаев Каркыраны кыргыздарга сатып жиберген”, - деп калбаспы. Мен аң-таң болдум. Бизде тескерисинче, “Бакиев Каркыраны казактарга саткан” делинээрин айтсам, “Каяктан, силер бизден эки эсе көп жер албадыңарбы?!”- деген. “Биздикилер ырас, көп жер алган, бирок, ал жерлердин көбү какыраган, жараксыз аймак болуп атпайбы”, - деп талашкам. “Жер деген жер. Аянты менен өлчөнөт. Какыраса заманы келгенде иштетип, жакшыртып алса болот”, - деген бой бербей. “Мейли, кыргыздар казактардан жер сатып алыптыр. Канча акчага алды деп болжойсуз?” -дебеймби. Антсем: “Арийне, бир нече миллион доллар”, - дейт. “Кыргыз президентинде башка өлкөдөн мызамдан тышкары жер сатып алууга каралган чоң суммадагы каражат кайдан?!”- деп каршылык кылгам. Деги эле миллиондогон гектар жерлер чалкып жатса, анын көбү кол, мүмкүнчүлүк жетпей иштетилбей турса, мамлекет башчылары казынадан мыйзамсыз каражат чыгарып кантип кошуна мамлекеттен эбегейсиз каражатка жер сатып алат?! Башка маселе, чек ара тактоодо айрым аянттар ары же бери көбүрөөк кеткени.

Асти, ажолорду жер сатты же, сатып алды деп айыпташ реалдуулукка коошпойт. Мындай доомат бийлик эгесинин атаандаштарынын чыгарган жомогу жана иштин нак жайын терең тушунө бербегендиктен карапайым калктын ишенип тигилерге курал болуусу... Муну эскергеним, азыр да Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев “Кемпир-Раватты Өзбекстанга сатып жиберди” дегенге керт башым ныпым ишенбейм жана муну жөө жомок санайм. Анын үстүнө Жапаров менен Ташиев Кыргызстандын жаркын келечеги, чындык, мыйзамдуулук үчүн не бир азап-тозокторду баштан кечиришип, такшалып-тотугуп буткөн күчтүү патриот инсандар.

Бийлик оппоненттери “Киноңду тартып жүрө бер да, саясатка мурдуңду тыкпа, пахтакор” деши турулууу. Мейли, айткандар айтаар, асти, улуу адилеттик жолунда айныксыз жоопкербиз баарыбыз, акты ак, караны кара деп так аныктого жабыла умтулушубуз шарт жана ыйык милдет.

                                                                                  Өмүрзак ТӨЛӨБЕКОВ, кино жазуучу жана продюсер