Өлкөгө башаламандык уюштурууга камылга көргөн топтун камакка алынышы коомдо ар түрдүү пикирди жаратты. Көпчүлүк 3-революцияны башынан өткөргөн Кыргызстан 4-революцияга туруштук бере албай калышы мүмкүндүгүн айтышууда.
Бул боюнча элдин пикири кандай?
"Бийлик өзү чечип атат, кийлигишпешибиз керек. Кайра бийлик алмашат, карапайым эл эле жабыркайт".
"Жакшынакай президентибизди эле кет деп чыга берсе болобу, болбойт да".
"Эптеп бийликке келиш керек, коррупциялык жол менен байыш керек. Башка максаттары жок".
"Саясатчылар саясаттарын жүргүзө берет экен. Кыргызстанга тынчтык керек".
"Мен революцияны каалабайт элем".
"Тынчтык эле керек, революция кылганда эле эмне болот? Баарын талкалашат. Биз Баткенден келгенбиз, элге тынчтык керек".
"Маселенин төркүнүн билбей туруп, аны-муну дей берген туура эмес".
"Бийлик кимди куугунтуктады? Эч кимди куугунтуктаган жок. Эмнеге бийликти басып алабыз деп куралданып жатышат. Асия Сасыкбаева тууралуу угуп калдым, карыган башы менен бийликке курал топтоп, жаштарды куралдандырып атышат. Мен анысына каршымын. Туура кылып жатат мамлекет, кармасын камасын. 30 жыл эч нерсе кылып беришкен эмес. Элди тоногон. Ал турмак жаш балдардын жөлөкпулун да жешкен".