Жалал-Абаддагы митингдин катышуучу Акышов Надырбек эмне себептен митингге чыкканын түшүндүрдү. Эске салсак, кечээ, 24-октябрда оппозициячыл саясатчылардын элдин тынчтыгын бузууга багытталган аракеттерине каршылык билдирүү максатында карапайым жарандар чогулган. 

"Учурдагы бийлик буга чейинки президенттерден он эсе жакшы иштеп жатышат. Кыргыз эли ушуну жакшы түшүнүп, буларда тынч иштөөгө мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Баарыбыз күбө болуп жатабыз кандай өзгөрүүлөр болуп жатканына. Бийликке жетпей калган анча-мынча саясатчылар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн элди колдонуп жатышат. Биз элди тынчтыкка, биримдикке чакыруу үчүн чыктык. Ушинтип көтөрүлө берсек, азыр коңшу мамлекет менен мамилебиз кандай экени белгилүү, алар чек арага жакын окоп казып жатканы тууралуу маалыматтар Ютубга чыгууда. Мындай учурда өлкөбүз тынч болушу зарыл. Бардык маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырып кетет элем", - деди Акышов.