Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Атаканов Шакиржан учурда бардык тарап саясатташып кеткендиктен, андан кабардар болбоо мүмкүн болбой калганын белгиледи. Ал өздөрүн оппозиция көрсөтүмүш болуп, бийликти кулатуунун жолун издеп жаткандарга азгырылбоого жарандарды чакырды.
"Жашым өтүп калса деле эмнелер болуп жатканын телефон менен телевизордон көрүп калабыз. Ар кимиси чыгып алышып эле, элди козгоп, "андай кылабыз, мындай кылабыз" деп башташты. Шылтоолору - Кемпир-Абад. Суу сактагычын убагында Өзбекстанга берип койгон Усубалиев тирилип келсе да ала албайбыз. Ушуну туура түшүнгүлө. СССРдин убагында өткөн нерсени кайрып алуу мүмкүн эмес. Ошону билип туруп оппозиция элди көтөрүп, Өзгөн эли митингге чыкты. Оштун губернатору, Өзгөндүн акими келсе да сүйлөтүшкөн жок. Айрымдар Мадумаровдун - "сагызгандын" сөзүнө учуп калышыптыр. Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү эң бузук адам Мадумаровбу деп калдым. Мен ал киши менен бетме бет келсем, оюмдагы жаман сөздөрдүн баарын айтып, сагызган турмак, андан да башка жаман аттарды коймокмун. Ал эми Азимбек Бекназаровго эмне бар? Кечээ эле элчи болуп турганда башкача сүйлөп жатпады беле, Мадумаровду жер саткыч деген. Ошолорду билип туруп буларга эмнеге азгырылабыз?! Булардын максаты эптеп эле элди көтөрүп, жакшы иштеп жаткан бийлигибизди кулатуу болууда. Бирок анте алышпайт, эл-журт бийлик кандай иштеп жатканын көрүп турабыз. Бузуку саясатчыларга азгырылбагыла!" - деди Атаканов.