Акыркы учурдагы Кыргызстандагы саясий кырдаалга байланыштуу Жалал-Абад эли президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Алар өлкөгө башаламандык уюштурууга шектелип кармалган активисттерди кыргыз жарандыгынан ажыратуу талабын коюшту.
"Биздин чогулганыбыздын бир гана максаты бар - ал Кыргызстандын бүтүндүгү. Биз ички душмандарга өлкөбүздү тебелөөгө жол бербейбиз! Урматтуу, Садыр Нургожоевич, мамлекетибизге чыккынчылык жасагандарды камаштын кереги жок, аларга бир гана жаза бар - кыргыз жарандыгынан ажыратыш керек! Ошондо мекендин кадырын билишет. Азыр өлкөбүзгө биримдик, ынтымак керек. Садыр Нургожоевич, элдин азыр сизге бир гана талабы бар - кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасын тезирээк тактаңыздар. Армияны күчөтүп жатасыздар, ошол ишиңиздерди улантыңыздар. А биз болсо сиздерди колдоп беребиз", - дешти алар.