Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 23-октябрда саат 21:24тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Шераалы, Чимбай, Мырза-Арык, Куршаб айылдарында - 3 балл, Тогой, Шоро-Башат, Красный-Маяк, Социализм, Бакмал, Мырза-Аке айылдарында - 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.