Бүгүн, 24-октябрда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу ӨКМнын билдирүүсү:

Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Талас облусунда +8...+13, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +9...+14 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаап, абанын температурасы Бишкекте +13...+15, Ошто +14...+16 жылуу болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.