Кечээ, 23-октябрда бир нече активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Айрымдарынын үйүнөн курал-жарак да табылды. ИИМ активисттердин кармалышын "өлкөгө башаламандык уюштурууга камылга көрүшкөн" деп түшүндүрдү.
Саясат талдоочу Ахунбай Кошоев оппозициябыз деген саясатчылардын чыныгы максаты ачыкталып калды деп эсептейт.
"Ким төлөсө, ошол музыканы тандайт" деген сөз бар. Шектүү катары тинтүүгө алынып жаткан балдар демек, чет өлкөдөн чоң өлчөмдө акча алышкан. Акчаны алгандан кийин аны акташ үчүн элдин арасында туура эмес маалыматты сиңирип жатышы мүмкүн. Себеби, алган акчаны сөзсүз акташ керек. Бийликтен кемчилик издешип, ойноок кол кайра-кайра чыга бергендей болуп, бийликти алмаштырып жиберсек, Мадумаров президент, Равшан Жээнбеков премьер-министр болуп калса деген ойлору бар. Оппозициянын максаты эптеп чыр чыгарып, ызы-чуу кылып, бийликти алмаштыруу экени ачык болуп калды", - деди Ахунбай Кошоев.