Печать
Категория: Коом
Просмотров: 89

 "Чалдыбар-унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пунктунун келишимдик аскер кызматкери  башынан ок тийип, жаракат алган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен болгон. 2001-жылы туулган Ж.А. Кара-Балта шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген.

Учурда ден соолугу оор деп бааланып, комада жатат. Бул факты боюнча тиешелүү түзүмдөр кабарланды. Окуя болгон жерде Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын өкүлдөрү иштеп жатат.