Баткендеги соңку каргашада каза болгон аскер кызматкерлеринин ар биринин үй-бүлөсүнө 1,2 миллион сом кенемте төлөнөт жана батир берилет.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 20-октябрда чек ара маселесине байланыштуу жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардан келген өкүлдөр менен өткөргөн жыйында билдирди.

Ошондой эле Жапаров жараат алган аскер кызматкерлерине 100-200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилерин айтты.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.