Печать
Категория: Коом
Просмотров: 150

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов камалган активисттер тууралуу пикирин билдирди. Айтымында, алар демократияны башкача түшүнүп алышкан. 

- Активисттердин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөнү тынчсызданууну жаратты. Бирок укук коргоо органдары алар уюшуп, өлкөдө дагы бир төңкөрүштү же башаламандыкты баштоого аракеттенип жатышканын, кармоо ушундай иштерин алдын алуу болгонун билдиришти. Бардык фактыларды күтүп туралы. 

Мен айтып коеюн, демократия деген эмне, ал - таза, ачык - айкын шайлоого эркин жарандардын баары катышып, эл ичинен суурулуп чыккандардын бирине ишеним көрсөтүп, бир лидерди шайлоо. Президент болобу, депутаттар болобу. Жогорку Кеңешке шайлоо эң прогрессивдүү, пропорционалдуу добущ берүү системасы менен ишке ашты. Партиядан да, бир мандаттуу округдардан да депутаттар шайланып келишти. Кыскасы, жаш кезимден мен күткөн, эңсеген, талап кылган системанын баары орноп, ага ылайык Конституция менен жашап жатабыз. 

Бирок эски коллегаларымдын айрымдары мурдагыдай эле бийликтин чечимдерин жактырбай, каршы чыгып, туура эмес маалыматтарды таратып, демократияны туура эмес колдонуп алышты. Бирдеме болсо эле "сен эртең жооп бересиң, эртең барып бийликти басып алабыз" демей демократияга каршы келет. Бул тартипсиздик. Мамлекеттик жоктугу. Төңкөрүш боло берген мамлекеттерди мамлекетке айлана албаган мамлекет деп атап коюшат. 

Демократия бар мамлекет бекем, анда эл шайлаган жетекчилик Конституцияга, мыйзамга ылайык, жанагындай чечимдерди кабыл алууга укуктуу. Ар бир тартиптүү мамлекеттерде ушундай. Ошондуктан, баарыбыз өлкө жетекчилигине баарыбыз ишеним көрсөтүшүбүз керек. Учурда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгындагы эбегейсиз чоң иштер жүрүп жатканын көрүп жатасыздар. Бул ондон бири же жүздөн бири эле. Анткени, пландары абдан кенен. Чек араны тактап, тынчтык орнотсок, бардык жагынан өнүгүү болот, чоң-чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. 

Оппозицияда жүргөн Мамбетжунус Абылов деген байкенин өзүнө айтып күлдүм эле, бул киши бир убакта эң ыпылас шайлоолор өтүп жаткан маалда БШКнын төрагасы болгон. Равшан Жээнбеков президенттикке талапкерлигин койду эле, элдин 0,19 пайызы, бир пайызга да жетпегени колдоду. Эл колдоп, шайласа бүгүнкү күндө ал президент болмок. Элдин добушун ала албагандан кийин өзү деле уялса болот.