Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөп жаткан топко кайрылып, сырткы душман алкымдап турган кезде, ички душмандыкты токтотууга чакырышты.
"Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, бизден добуш алып кетип, кайра ылай шыбаганыңар адамгерчиликке жатпаган иш. Азыр бизде сырткы душманга караганда ички душмандар көп тоскоолдук жаратууда. Бүгүнкү күндө канча деген ата-эне кан жутуп, зар какшап ыйлап жатат. Ушуну көрүп, билип туруп, ички душмандыкты уюштуруу сиздерге жакшылык алып келбейт!
Биздин кайрылуу жасап жаткандагы максатыбыз бийликке жагынуу, пахта коюу эмес! Паскы зонаны ынтымакта, биримдикте чек арачылар, ички иштер органдары көзөмөлдөр жатат. Абал өтө кооптуу болуп турганда, сиздерге эмне жок?! Ынмактуу болуп берсеңиздер болбойбу?!
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, кызматыңыздарды кыла бериңиздер. Лейлек району сиздер менен! Буга чейинки президенттер эмне кылып берди, мындан кийинкилер эмне кылып берет? Иштери жаман эмес, буйруса жакшы болуп жатат. Жогорку Кеңештин айрым депутаттардан, кээ бир аткаминерлерден суранат элек, сиздердин элге кылган кызматыңар, жакшылыгыңар ушул болсун - ынтымакты кармап бериңиздер! Бул жерге келип жашабаңыздар, мекенди карабаңыздар, өзүбүз деле карап алабыз. 1 сантиметр жерди бербейбиз! Сабырдуу болуп, бири бириңерге ылай шыбаганды гана токтоткула!" - дешти Лейлек районунун тургундары.