Журналист Ильич Кулназаров Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кыргыз-өзбек келишими тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады:
- Кемпир-Абад боюнча жөн эле ээрчиме боло бербей, кичине анализ кылганды үйрөнөлүчү. Азыркы нааразы болуп жаткан топ, 2 жыл мурда дагы так ушундай манипуляция кылышты эле. Президент Садыр Жапаров Кумтөрдү мамлекетке алам дегенде, элди козутуп, коркутуп “ай бул туура эмес, биз ушундай кылып жатсак эл аралык мамиле өлөт” дешкен. Жарымы Мадумаров баш болуп "Кайдагы бир жомокту айтып жатат, бул бийлик сабатсыз, колдорунан келбейт”, -деп мыйыгынан жылмайышты эле. Бирок ошол ишенбей жаткан “жомокту” бир жылда ишке ашырганына чогуу күбө болдук го!
Эми “Кемпир-Абадды, башка талаш жерлерди кошуп туруп алып койдум, парламентте ачыктайм. Азыр сабыр кылып күтө тургула, келишим 99 пайыз бизге пайдалуу болуп жатат”,- десе түшүнүп туруп түшүнгүсү келбей, кайра элди козутуп жатышат. Маселе парламентке баргычакты төӊкөрүш кыла коелу деген пландары болгон. Аракеттери ишке ашпай калды.
Дагы бир манипуляцияны белгилей кетейин. Кемпир-Абад курулгандан бери суу басып жаткан жерди, “Суунун алдын биз алышыбыз керек, кийин кургаганда пайдаланабыз”, - дегендерге таӊ калып жатам. 70 жыл суунун астында жатыптыр, дагы 100 жыл суу алдында жатат. Жер планетасында суу түгөнүп, адам жашоосу бүтүп калмайынча ал жерде суу болот. Аккан суу ага берет, аны биз артка карай, жогору буруп кете албайбыз! 100 жыл, балким 200 жыл “Кемпир -Абад качан соолот экен?”-деп күтүп суунун түбүн аӊдып отурбай, ордуна башка жер алып, пайдаланган жакшы эмеспи?
Дегеле, Кемпир-Абад темасы бурмаланып, оппозиция болушунча өз кызыкчылыктарына пайдаланып жатат. Мындайды токтотуш керек. Бир жагынан Тажикстан менен согушуп, кайра Өзбекстан менен чек араны тактап коелу, тынч жашайлы десек, кайра эле бузукулар чыгып алып тополоӊ кылабыз дегени жакшы эмес. "Орто Азиядагы эӊ тынчы жок эл, кошуналары менен келише албайт" деп репутациябызды түшүрүп албайлы!